КӨЛӨКӨГӨ ТОН БЫЧУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кимдир бирөөгө же бир нерсе жөнүндө «ушундай болот», «болмокчу» деп, сыртынан божомолдоп жорута берүү, курулай кыялдануу. Жапар өз алдынча эле кыздын көлөкөсүнө тон бычып жүргөн («Ленинчил жаш»). Ар ким өз көңүлүндө көлөкөгө тон быча берди (Каимов).